Өкмөткө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин курамы бекитилди

Дата: 16:13, 22-02-2019.

Бишкек. 22 - февраль. КирТАГ - Өкмөткө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин курамы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын премьер-министринин 2019-жылдын 19-февралындагы № 81 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин курамы бекитилди.

Кеңештин Төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын премьер-министри саналат. Курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, бизнес-коомчулук жана жарандык чөйрө өкүлдөрү кирген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин биринчи жыйыны жакынкы мезгилде өткөрүлөт

Поделиться новостью: