КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 20:57 | 28 жалган куран

Өкмөт кен иштетүү чөйрөсүндөгү коопсуздукту өзгөчө көзөмөлдө кармайт

Дата: 14:19, 06-08-2019.

Бишкек. 6 - август. КирТАГ  –  Кыргыз өкмөтү тоо-кен жаатында иштеген инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосундагы маселени чечүүнү өзүнүн артыкчылыктуу багыты катары көрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздук кеңешинин кен пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыздоо чаралары боюнча чечимдерин ишке ашырууну өзгөчө көзөмөлдө кармай турганы айтылат.

30-январда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында тоо-кен өнөр жайына байланыштуу Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөн. Жыйында Башкы прокуратура былтыр Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетин текшерип, 40ка жакын мыйзам бузуу фактысын аныктаганын жарыялаган.

Жээнбеков бул тармак «коррупцияга белчесинен батып, мамлекеттин көзөмөлү жок калганын» билдирген.

5-августта Нарын облусунда жайгашкан Солтон-Сары кенинде «Jhong ji Mining» компаниясы менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда чыр чыкты. Эки тарап бири-бирине таш ыргытып, баш-аягы 40 киши ооруканага кайрылды.

Поделиться новостью: