КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:32 | 29 жалган куран

Казакстандын Арыс шаарында кайрадан өрт кырсыгы. Бул жолу жалын кампада тутунган

Дата: 09:32, 12-07-2019.

Бишкек. 12 - июль. КирТАГ –  11-июлда Түркстан облусунун Арыс шаарындагы ремонт-эксплуатациялык депосунун кампасынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

Өрт өчүрүлдү. Ага ондон ашуун техника менен 55 өрт өчүрүүчү, өрткө каршы поезд менен Арыс станциясынын кызматкерлери тартылды. Өрт 2040 чарчы метр аймакты курчаган. Өзгөчө кырдаалар комитетинин өкүлү Нурсултан Нурахметовдун билдиришинче, тилсиз жоого курулуш жумуштары учурунда өрт коопсуздугу сакталбаганы себеп болгон. Өрттөн жабыр тарткандар жок.

Арыстагы 24-июндагы жарылууда үч адам ажал таап, ондогон жаран жарадар болгон. Шаардагы турак жайдын 85% жакыны жабыркаган.

Расмий маалыматтар боюнча шаарды калыбына келтирүүгө 52 миллион доллар керектелет.

Поделиться новостью: