КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:24 | 29 жалган куран

Карыбек Дүйшеев Конституциялык палатанын судьясы болду

Дата: 16:33, 20-06-2019.

Бишкек. 20 -июнь. КирТАГ –   Дүйшеев Карыбек Арстанбекович көпчүлүк депутаттардын добушу менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланып, парламентте ант берди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Карыбек Дүйшеевдин талапкерлигин өлкө башчы сунуштаган. Аны депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.

К.Дүйшеев жогорку билимдүү, Москва мамлекеттик университетин, СССР Илимдер академиясынын аспирантурасын бүтүргөн. Юридикалык тажрыйбасы бар, юстициянын мыкты кызматкери.

«Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун судьясы кызматына сунушталган талапкер Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланып, парламентте ант берген соӊ өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Поделиться новостью: