Каныбек Ботобаев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды
Дата: 08:44, 23-04-2019.
Бишкек. 23 – апрель. КирТАГ – Ботобаев Каныбек Калбаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.