Кантта уурдалган өспүрүм табылып, шектүүлөр кармалды

Дата: 09:40, 12-04-2019.

Бишкек. 12- апрель. КирТАГ –  Кант шаарынан уурдалган 12 жашар Данил Браилкин Бишкектен табылды.

"Бүгүн болжол менен саат 21:30да Чүй облустук ИИБ органдарынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө баланы аман-эсен табышкан", - деп кабарлашты милициядан.

12 жашар баланы Бишкектеги гараждардын биринин жер төлөсүнөн табышкан. Окуяга шектүүлөр кармалды.

Чүй облустук Ички иштер бөлүмүнө Данилди уурдап кеткен шектүү адамдар алынып келинген. Сурак маалында алар күнөөлөрүн моюндашкан.

Бала үчүн акча талап кылууну пландаганбыз, бирок так суммасын ойлоно элек болчубуз деп билдиришкен.

Шектүүлөрдүн бири баланын ата-энесин тааный тургандыгын айтып, акча карыздарынан кутулуу үчүн керек болгондугун билдирген.

Кармалгандар: Эдуард Шиян - Казакстандан чыккан, Бишкекте жашайт. Экинчиси - 1987-жылкы Р.Владимир, Кыргызстанда жашайт.

"Ата-энесин билет болчубуз, бирок алар менен эч кандай алакада болгон эмесбиз. Жөн эле баланы уурдоону чечтик. Күнөөбүздү моюнга алабыз", - деп билдиришкен кармалгандар.

Шектүүлөрдү Ысык-Ата ИИБнин кызматкерлери колго түшүрүшкөн.
12 жашар баланын абалы жакшы.

Чүй облустук милициясында бала ата-энеси менен жолугуп, тапшырышты.

Данилдин туугандары милиция кызмматкерлерине, журналисттерге жана ыктыярчыларга ыраазычылыктарын билдиришкен.

Эске сала кетсек, күн, 11-апрелде болжол менен саат 09:00дө Кант шаарында өспүрүм бала уурдалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аталган факты боюнча тергөө-ыкчам топ түзүлүп, окуя болгон жерге барышкан. Маалым болгондой, 11-апрелде саат 8:40та Кант шаарындагы №2-кичи районунда ак түстөгү "Хонда-фит" унаасынан белгисиз адамдар чыгып, мектепке бара жаткан 12 жаштагы Б.Д., аттуу баланы уурдап кетишкен.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Поделиться новостью: