КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:19 | 25 чын куран

Кадамжайда чет өлкөдөн 200 миң сомдук жүктү мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Дата: 14:13, 18-06-2019.

Бишкек. 18 -июнь. КирТАГ –  Бүгүн, 18-июнда Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Токсон мыйзамсыз жүк ташып өтүүгө аракет кылган адамдар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны Өзбекстандан өлкө аймагына тиричилик буюмдарын алып өтүүгө аракет кылган. Аткезчилик жүктүн жалпы баасы 200 миң сомду түзгөн. Кармалган адамдын жанында жүккө тиешелүү документтер жок болгон. Кармалган жүк менен адам Бажы кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Поделиться новостью: