КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:26 | 29 жалган куран

Күйүүчү майдын 25% өлкөгө мыйзамсыз ташылып келет – депутат

Дата: 12:02, 22-05-2019.

Бишкек. 22 - май. КирТАГ -  Экономика министрлиги күйүүчү майдын 25 пайызы өлкө аймагына легалдуу эмес жол менен ташып келинип жатканын мойнуна алды. Демек күйүүчү майдын дээрлик чейрек бөлүгү контрабанда болуп саналат. Бул тууралуу депутат Азамат Арапбаев Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

«Контрабандалык күйүүчү май толугу менен Чек ара кызматына байланыштуу кирип жатат. Анын айынан Кыргызстандын бюджети чоӊ чыгымга учуроодо. Албетте, чек ара кызматкерлеринин баары күнөөлүү эмес, андагы айрым топтордун аракети менен ушундай абал түзүлүүдө. Бул боюнча Өкмөт парламент жыйынында маалымат бериши керек», - деди депутат.

Депутат Дастан Бекешев Токмок шаарынын көчөлөрүндө, анын айланасындагы айылдарда контрабандалык күйүүчү майлар ачык элек сатылып жатканына карабастан, ага каршы эч ким чара көрбөгөнүн айтты. «Биз бул маселени көптөн бери көтөрүп келебиз, тилекке каршы, ушул кезге чейин тийиштүү чаралар көрүлгөн жок. Депутаттык комиссия түзүп текшермейинче, бул маселенин чечилиши кыйын.

Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева жыл сайын жазгы талаа жумуштары башталганда күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп жатканын эске салып, Экономика министрин бул көйгөйдү биротоло чечип берүүгө чакырды. «Мындай абал дыйкандардын түйшүгүн ого бетер оорлотууда», - деп кошумчалады ал.

Экономика министри Олег Панкратов өлкө аймагында 310 ири май куюу жайы иштеп жатканын, ал керектөөнүн 94 пайызын камсыз кыла ала турганын билдирди. «Күйүүчү майдын контрабанда маселеси, аны жоюу жолдору Өкмөттүн отчетунда камтылган. Биз анын азыркы абалы жөнүндө кийинчерээк кошумча маалымат беребиз», - деди министр.

Поделиться новостью: