КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 22:23 | 28 жалган куран

Июнда мектептер алдында бир айлык лагерлер иштей баштайт

Дата: 15:04, 21-05-2019.

Бишкек. 21 - май. КирТАГ -  5-июндан 6-июлга чейин Кыргызстанда мектептер алдында 674 лагерь иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Иштөө убактысы саат 8.00дөн 16.00гө чейин. Балдарга үч ирет тамак берилет.

"Окуучуларга жайкы эс алуу уюштуруп берүү үчүн республикалык бюджеттен 5 миллион сом бөлүндү. Каражат Борбордук профсоюздар комитетине берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, 55 санаторий-курорттук аймактар ачылып, ар бири 150-500 адамдан кабыл алат.

Ал эми бала бакчаларда ден соолукту чыңдоо боюнча жылаңайлак басуу, сууга түшүү, кумда ойноо сыяктуу иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Поделиться новостью: