КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:06 | 29 жалган куран

ИИМдин китепканасы жаңы процессуалдык институттар камтылган «Сотко чейинки өндүрүш» аттуу китеп менен толукталды

Дата: 10:12, 16-07-2019.

Бишкек. 16 – июль.  КирТАГ –   Ички иштер министрлигине кылмыш-жаза мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча жазылган жаңы китептерди өткөрүү аземи болуп өттү.

«Сотко чейинки өндүрүш» атту китептери жергиликтүү эксперттер тарабынан эки тилде жазылган жана 1000 нуска менен басылды. Анын ичинде жаңы процессуалдык институттар: процессуалдык келишим, тергөө соту жана башка темалар камтылган.

“Жалпы министрликтин атынан долбоорду каржылаган АКШнын Мамлекеттик департаментинин Эл аралык баңгизат каражаттарын жүгүртүү жана кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнө жана Кыргызстандагы Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмуна (IDLO) терең ыраазычылык билдирем. Азыркы укук колдонуу практикасында биздин кызматкерлер көптөгөн кыйынчылыктар менен кездешүүдө, ошон үчүн чындыгында бул китеп бизге суудай керек эле”, — деди министрдин орун басары Курсан Асанов. Анын айтымында жакынкы арада кылмыш-жаза мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилиши күтүлүүдө жана ал мындан да ары аталган эл аралык уюм менен кызматташууга даяр экенин айтты.

IDLO уюмунун директору Фред Хьюстон Ички иштер министрлигин колдоого дайыма даяр экенин билдирди.

“Эң негизгиси, бул китептин ичинде электрондук форматы  да бар. Ошол себептен жакынкы арадагы мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн негизинде китептин жаңы басылмасын даярдоо кыйынчылыкка турбайт”, — деди ал.

Поделиться новостью: