ИИМ: Журналист Айтикеевди кармаган эмеспиз
Бишкек. 16 - август. КирТАГ – Ички иштер министрлиги журналист Мирбек Айтикеевдин кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты.
Башкармалык мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Мирбек Айтикеевди табалбай жатканын, бирок ИИМ аны кармабагандыгын билдирди.
Буга чейин да Атамбаевдин тарапташтары КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалгандыгын айтып чыккан. Бирок маалымат жалган болуп чыккан.
Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу Мирбек Айтикеевге да күбө катары кылмыш иши козголгон.