КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:38 | 28 жалган куран

ИИМ: Коменданттык сааттын эрежесин бузган 300дөн ашык жаран кармалды

Дата: 10:26, 26-03-2020.

Бишкек. 26-март. КирТАГ – 26-мартка караган түнү Кыргызстанда коменданттык саат эрежесин бузуп, көчөгө чыккан 320 адамды милиция кармап кетти. Бул тууралуу ички иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, тогуз автоунаа токтотулду.

Бишкекте 193, Ошто 25, Жалал-Абадда 10, Сузакта 26, Ноокатта 11 жана Кара-Сууда 55 адам.

“Алардын баарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталабоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди” деп билдирди ИИМ.

“Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзам боюнча, коменданттык саат талабын бузган адамды милиция же аскердик патруль бул мөөнөт аяктаганча кармап турат, ал эми жанында документи жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармалат.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек.

Поделиться новостью: