Эртең Бишкек-Торугарт унаа жолу жардыруу иштерине байланыштуу жабылат
Дата: 09:38, 22-04-2019.
Бишкек. 22 - апрель. КирТАГ – Эртең, 23-апрелде Бишкек-Торугарт унаа жолунун 108-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жардыруу иштерине байланыштуу аталган автоунаа жолу саат 8:00дөн 22:00гө чейин толугу менен жабылат. Унаалар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.