КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 2:57 | 20 чын куран

“Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси каза болду

Дата: 16:07, 20-03-2019.

Бишкек. 20 - март. КирТАГ -  "Электр станциялары" ишканасынын башчысы Аскар Эшимбеков бүгүн эртең менен каза болду. Ал 57 жашта болчу.

Аскар Эшимбеков 1962-жылы 1-октябрда туулган. 1985-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин "Электр станциялары, түйүндөр жана система" бөлүмүн аяктаган. Билими жогорку.

Энергетика тармагында 34 жылдан ашык убакыт иштеген. Эмгек жолун Ош жылуулук электр борборунда электрослесарь болуп баштаган. Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси бөлүмүндө эксперт катары эмгектенген. 2006-жылы президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган.

"Электр станциялар" ААКсынын башчылыгына 2018-жылы май айында дайындалган.

Поделиться новостью: