КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 2:07 | 25 чын куран

Экс-президент К. Бакиевдин Беларуста жашаганы алакага кедерги тийгизүүдө – төрага Д. Жумабеков

Дата: 17:04, 20-05-2019.

Бишкек. 20 - май. КирТАГ -   Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков 19-майда Беларус парламентинин төрагасы Владимир Андрейченко менен Бишкектеги жолугушууда мурдагы президент Курманбек Бакиевге байланышкан маселени көтөрдү.

Ал Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын Беларустагы ишмердиги, аларга жарандык берилип, жакшы шарт түзүлгөнү, коомдук иш-чараларга катышканы тууралуу мезгил-мезгили менен маалымат каражаттарына чыгып жаткан кабарларга кыргыз тарап тынчсызданаарын айтты.

Спикер мындай көрүнүш эки тараптуу мамилеге кедерги тийгизип жатканын да кошумчалаганын парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу "Азаттыкка" билдирди.

Владимир Андрейченко Бишкекке 20-майда өткөн Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн келген.

Ал эми 2010-жылы апрель окуясынын натыйжасында бийликтен кеткен Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларустан башпаанек тапкан. Аларды Кыргызстанга экстрадициялоо аракетинен эмгиче майнап чыга элек. Апрель окуясы боюнча соттун жыйынтыгында Курманбек Бакиев 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою, тун уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кенже уулу Максим Бакиев бир нече кылмыш үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Поделиться новостью: