КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:11 | 18 чын куран

Екатеринбургда кыргызстандык айдоочулар каттамга чыккан жок

Дата: 15:34, 09-07-2019.

Бишкек. 9 – июль.  КирТАГ –  Россиянын Екатеринбург шаарында №012 жана №019 маршруттук таксилер каттамга чыккан жок. Айдоочулар эмгек акыны жогорулатууну талап кылып чыгышканын бүгүн, 9-июлда жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялашты.

Мындай талабын айтып чыккан айдоочулар кыргызстандыктар.

«Жайкысын жүргүнчүлөрдүн саны азаят. Жүргүнчүлөр эс алууга, эмгек өргүүгө кетишип, студенттер менен окуучулар да эс алууга чыгышат. Ал эми айдоочулардын эмгек акысы жүргүнчүлөрдүн санына жараша болот. Ошондуктан алар тарифти жогорулатууну талап кылып жатышат», - деди «Чыгыш» («Восток») транспорттук компаниясынын жетекчиси Алексей Карпычев.

Директорго шилтеме берген жалпыга маалымдоо каражаттары каттамга кыргызстандыктар гана чыкпаганын, ал эми тажикстандык, өзбекстандык айдоочулар иштеп жатканын жазган.

Жергиликтүү бийликтин басма сөз кызматы айрым маршруттук таксилердин каттамга чыкпаганын техникалык маселелерге байланыштырган. Расмий маалыматта бул маселе чечилип, бардык унаалар каттамга чыкканы айтылат.

Поделиться новостью: