КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:36 | 29 жалган куран

ЕАЭБге кошулгандан бери Кыргызстандын бажы кирешелери өсүп жатат

Дата: 16:42, 15-11-2018.

Бишкек. 15 - ноябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Биримдикке кошулгандан бери бажы кирешелери өсүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2015-жылы үчүнчү өлкөдөн түшкөн бажы кирешелери 20,8 млрд сомду түзгөн. Бул жылдары өсүү 141%ды түздү.

Ал эми 2017-жылы болсо 34,2 млрд сом, 2016 – жылы 5 млрд сомго өскөн.

Акыркы эки жылда бажы кирешелеринде жыл сайын өсүү байкалган. Эки жылда 6,5 млрд сомго өскөн.

Үстүбүздөгү жылы болсо бажы кирешелеринин жалпы суммасы 43,5 млрд сомго жеткен.

Бажы төлөмдөрүнөн өлкөнүн казынасына 20,9 млрд сом түшкөн.  

Акыркы 10 айда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнөн импорттолгон товарлардан Кыргызстанга 13,4 млрд сом бажыдан киреше түшкөн.



Поделиться новостью: