КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:31 | 20 чын куран

Депутат: Синтетикалык торлор Кыргызстандагы көлдөрдү балык жана куштардын көрүстөнүнө айлантууда

Дата: 09:22, 10-10-2019.

Бишкек. 10 октября. КирТАГ –Жогорку Кеӊеште курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканын эске салып, ошондон улам мыйзам долбоору аркылуу КР Жазык кодексине, КР Жоруктар жөнүндө кодексине, КР Бузуулар жөнүндө кодексине тийиштүү өзгөртүүлөр сунушталып жатканын билдирди.

“Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар браконьерлердин ондогон километрлер менен өлчөнүүчү балык уулоочу торлорду суудан алып чыгууда. Мисалы, Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн бир гана рейдде көлдөн 11 километр синтетикалык балык уулоочу торлор алынган”, - деди ал.

КР Бузуулар кодекси:

балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жагынан жаңы берене менен толукталат, анын 2-категориядагы айып пул салуу түрүндөгү санкциясы бар.

КР Жоруктар кодекси:

кыйла зыян алып келген балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жагынан жаңы берене менен толукталат, анын белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү санкциясы бар.

КР Жазык кодекси:

балык уулоочу синтетикалык торлорду пайдалануу менен балык уулоону мыйзамсыз деп табуу жагынан толуктоолор киргизилет.

Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдой турганын, ошондуктан курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдардын жоопкерчилигин жогорулатууга билдиришти.

Поделиться новостью: