КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:53 | 28 жалган куран

Депутат Пирматов мигранттарга патент алууну сунуштады

Дата: 16:36, 20-02-2020.

Бишкек. 20 - февраль. КирТАГ – Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» жана «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдарына, КР Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – депутат Исхак Пирматов.

Демилгечинин айтымында, учурда сырттан Кыргызстанга кирген эмгек мигранттары өлкө мыйзамдарына ылайык эки жол менен гана кире алат: жумуш берүүчү ишкана, компания же жеке ишкердин чакыруусу менен келип, миграция кызматы берген квотанын негизинде 10 миң сом төлөө менен иштей алат, чет өлкөлүк жеке ишкер катары миграция кызматы берген квотанын негизинде иш жүргүзөт. Ошон үчүн мыйзамга «чек ара мигранты» деген түшүнүк киргизүү зарыл.

Коңшу өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстандын аймагында 60 күн визасыз жүрө алгандыктан, алар өлкөдөгү талаа жумуштары, тигүү, курулуш тармактарында, чакан ишканаларда иштейт, бирок мамлекетке бир тыйын да төлөшпөйт, ошондон улам коррупциялык жагдайлар жаралууда. «Азыркы учурда бюджетке түшчү акчалар, башка бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жатат», - деди баяндамачы.

«Коңшу өлкөлөрдүн жарандары үчүн патент системасын ишке киргизсе туура болот. Мындай шартта мигранттын миграция кызматына ай сайын 500 сом патенттик акча төгүп, мыйзамдуу иштөөсүнө жол ачылат. Мамлекет алардын укуктарын коргоп, коопсуздугун камсыз кылат” – деп, Исхак Пирматов жергиликтүү бюджеттер дагы жылына болжол менен 700 млн сомго чейин киреше ала турганын кошумчалады.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Айдай Карагулова мыйзам долбоорун колдой турганын, аны ишке ашырып, кошумча каржы булактарын табууга толук мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирди. «Мыйзам кабыл алынып калса, чек ара аймактарында заманбап автоматташтырылган салыктык каттоого алаа жана патенттөө кызматын көрсөтүү борборлорун уюштуруу чаралары көрүлөт», - деди ал.

Депутат Махабат Мавлянова патенттик төлөмдүн өлчөмүн 500 сом деңгээлинде эмес, жок дегенде 1000 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Демилгечи мындай сунушту эске алууга убада берди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагына коңшу өлкөлөрдөн күнүмдүк жумуштарда иштөө үчүн жылыга 314 миң адам келет. Алардын басымдуу бөлүгү талаачылык жумуштарында эмгектенет. Эгерде чек ара мигранттары патент албай иштесе, мыйзамга ылайык, 5-категориядагы айыппул (10 миң сом) төлөөгө тийиш.

Поделиться новостью: