КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:51 | 20 чын куран

Депутат: Кыргызстандын 500 жараны Сириянын согуш талааларыда жүрөт

Дата: 12:56, 12-09-2018.

Бишкек. 12 - сентябрь. КирТАГ – Альбина Метерова. Кыргызстандын 500 жараны Сириянын согуш талааларыда жүрөт. Бул тууралуу «Бир Бол» фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков Жогорку Кеӊеште “Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда кабыл алынган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

«Сириянын согуш зоналарында Кыргызстандын 500 жараны жүрөт. УКМКга суроом бар. Кандай уюмдар биздин жарандарды азгырып кетип жатат? Аларга каршы кандай
чара көрүлүүдө», - деп кайрылды депутат УКМКнын өкүлүнө.

Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК)нын өкүлү Кыргызстандын 500 жараны Сирияда экендигин тастыктап, кыргызстандыктарды үч террордук уюм ИМ, «Жебхат ан-Нусра» жана Өзбекистандын террордук кыймылы азгырып жатканын билдирди.

Мындан тышкары диний уюмдардые өлкөнүн коопсуздугуна тийгизүүчү аракеттерине да токтолду.

«Бүгүнкү күндө «Таблиги жамаат»тан бөлүнүп чыккандар жана «Хизб-ут Тахрир», «Акрамия», «Якын Ынкар» диний уюмдар өлкө үчүн кооптуу», - деп түшүндүрдүУКМКнын өкүлү.

Анын айтымында, атайын кызматтар жаштардын кооптуу уюмдарга тартылып кетпестиги үчүн маалымат берүү иштерин жүргүзүүдө.



Поделиться новостью: