КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:26 | 20 чын куран

Депутат Бекешов: Жалган маалыматтар таратылып жатканын элге социалдык тармактар аркылуу жеткиришибиз керек

Дата: 16:52, 17-01-2019.

Бишкек. 17 - январь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Антикытай акцияларынын толкуну Россия жана Казакстандан өтүп, бизге жетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутат Дастан Бекешов билдирди.

Депутат, өкмөт маалыматтык согуштан утулуп жатат деп эсептейт.

«Ачык айтыш керек. Өкмөткө жакшы маалыматтык бөлүм керек. Ким буюртма бергенин билбейм WhatsApp жана Facebook аркылуу көп маалыматтар келип жатат. Биз 60 кыргызстандык кытайларга турмушка чыкканын билебиз. Ал жакта болсо 60 миң деп жазып жатат. Буларды ким тактайт», - деди Д. Бекешев.

Ал, жалган маалымат таратылып жаткандыгын байланыш операторлору аркылуу элге жеткирүүнү сунуштады.



Поделиться новостью: