КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:32 | 23 чын куран

Дем алыш күндөрү Кыргызстандын аймагында үшүк жүрүшү күтүлүүдө

Дата: 17:47, 26-04-2019.

Бишкек. 26 - апрель. КирТАГ —   Эртең, 27-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймагында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19, Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градус.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20 градуска чейин жетет.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 16…18 градус болушу ыктымал.

Поделиться новостью: