Дүйшөмбү Кыргызстан боюнча жамгыр жаайт
Бишкек. 22 – апрель. КирТАГ – Дүйшөмбү Кыргызстан боюнча туруксуз аба ырайы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында «Кыргызгидромет» борбору билдирет.
Абанын температурасы Чүйдө +10...+15, Талас облусунда +10…+15,
Ысык-Көлдө +11…+16, Нарын өрөөнүндө +12…+17 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13…+18 градус.
Бишкек шаарында абанын температурасы + 13…+15°, ал эми Ош шаарында +13…+18 градус жылуу.