Дүйнөлүк биржаларда мунай кымбаттады
Дата: 08:59, 13-08-2019.
Бишкек. 8 - август. КирТАГ – Шейшемби күнү ири нефть биржаларындагы сооданын жыйынтыгында мунайдын баасы жогорулады.
Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели $58,57 (+0,04) долларды түзгөн.
Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели $54,93 (+0,43) доллардан сатылган.