Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы туруксуз бойдон калууда
Дата: 08:46, 17-09-2018.
Бишкек. 17 - сентябрь. КирТАГ – Дүйшөмбү күнү ири нефть биржаларындагы сооданын жыйынтыгында мунайдын баасы туруксуз бойдон калууда.
Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели 78,09 (-0,09) долларды түзгөн.
Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели 68,99 (+0,4) доллардан сатылган.