Дүйнөлүк биржаларда мунай кымбаттады

Дата: 08:23, 17-09-2019.

Бишкек. 17-сентябрь. КирТАГ – Шейшемби күнү  ири нефть биржаларындагы сооданын жыйынтыгында мунай кымбаттады.

Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели 69,02 (+8,8) долларды түзгөн.

Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели  62,9 (+8,05) доллардан сатылган.

Эске салсак, Сауд Аравиядагы мунай объектилерине болгон дрондордун чабуулунан кийин нефть кымбаттап кеткен. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Мунайдын Brent маркасы Лондон биржаларында баррели 13,86%дан 69,91долларга чейиг кымбаттаган. Биржалардагы жогорку баа биринчи минуталарда нефтинин баррели 69,91долларга чейин чыккан.

Акыркы жолу 2019-жылдын май айында аталган марка эң кымбат  $71 сатылган. Ал эми октябрь айында болсо, WTI маркасы 11,23% – $61,79 чейин кымбаттаган.

Ал эми кайра нефть казылгандан кийин Brent марка мурунку баасына баррели 67 долларга түшкөн.

Нурсултандын убактысы боюнча учурда мунайдын Brent маркасы $67,67/барр түзүүдө.

Поделиться новостью: