Дүйнөлүк биржаларда мунай арзандады
Дата: 09:40, 12-11-2019.
Бишкек. 12 - ноябрь. КирТАГ – Шейшемби күнү ири нефть биржаларындагы сооданын жыйынтыгында мунай арзандады.
Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели $62,18 (-0,33) долларды түзгөн.
Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели $56,86 (-0,38) доллардан сатылган.