КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:31 | 29 жалган куран

Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын карады

Дата: 12:58, 14-08-2019.

Бишкек. 14-  август. КирТАГ –Чүй облустук соту камактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын кабыл алып, даттанууну кароону 19-августка белгиледи. Бул тууралуу «Азаттыкка» саясатчынын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.

Ал иш мыйзам чегинде каралса Жапаров жакын арада эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин белгилейт.

- Садыр Жапаровдун иши мурда өтө оор кылмыш деп бааланса, быйыл күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык оор кылмыштарга кирип калды. Андан да айыптоодогу бир берене алынып салынды. Ошого байланыштуу анын аракеттери 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келип жатат. Ошондо анын жазасынын үчтөн бири, үч жыл төрт айы кыскарышы керек. Буга чейинки олтурганы алты жылдан өтөт, натыйжада ал шарттуу түрдө бошотулушу керек. Сот 19-августта ишти мыйзам чегинде карап, туура чечим кабыл алса, анда Садыр Жапаров ошол күнү чыгышы керек. Болбосо чечимдер күчүнө киришине жана башка маселелерге карап, ал августтун аягында же сентябрдын тегерегинде эркиндикке чыгышы керек, - деди Шарабидин Токтосунов.

Адвокат буга чейин ушул эле арызды биринчи инстанция канааттандырбай койгонун, анда алты айлык мөөнөт өтүп кеткени шылтоо болгонун белгилейт. Ал ошол себептүү жогорку инстанцияга арыз жазганын билдирет.

16-июлда Аламүдүн райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) сунушун кабыл алган эмес. ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган. Бишкек. 14-  август. КирТАГ –Чүй облустук соту камактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын кабыл алып, даттанууну кароону 19-августка белгиледи. Бул тууралуу «Азаттыкка» саясатчынын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.

Ал иш мыйзам чегинде каралса Жапаров жакын арада эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин белгилейт.

- Садыр Жапаровдун иши мурда өтө оор кылмыш деп бааланса, быйыл күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык оор кылмыштарга кирип калды. Андан да айыптоодогу бир берене алынып салынды. Ошого байланыштуу анын аракеттери 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келип жатат. Ошондо анын жазасынын үчтөн бири, үч жыл төрт айы кыскарышы керек. Буга чейинки олтурганы алты жылдан өтөт, натыйжада ал шарттуу түрдө бошотулушу керек. Сот 19-августта ишти мыйзам чегинде карап, туура чечим кабыл алса, анда Садыр Жапаров ошол күнү чыгышы керек. Болбосо чечимдер күчүнө киришине жана башка маселелерге карап, ал августтун аягында же сентябрдын тегерегинде эркиндикке чыгышы керек, - деди Шарабидин Токтосунов.

Адвокат буга чейин ушул эле арызды биринчи инстанция канааттандырбай койгонун, анда алты айлык мөөнөт өтүп кеткени шылтоо болгонун белгилейт. Ал ошол себептүү жогорку инстанцияга арыз жазганын билдирет.

16-июлда Аламүдүн райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) сунушун кабыл алган эмес. ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Поделиться новостью: