КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 6:41 | 25 чын куран

Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов Бишкекке учуп келди

Дата: 15:12, 07-04-2020.

Бишкек.7-апрель. КирТАГ – Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов бүгүн Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Курманкулов Москвада дарыланып жаткан ооруканадан чыккан. Эми Курманкулов дарылануусун Бишкекте улантат.

Эскерте кетсек, Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционер-жетекчиге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан. Бир аз убакыттан кийин Курманкулов өзүнө келип, абалы жакшыра баштаганы белгилүү болгон.



Поделиться новостью: