Борбордук Азияда ВИЧ-инвекциясына кабылгандардын саны 2010-жылдан бери 30% көбөйдү – БУУнун башкатчысы
Бишкек. 4-июнь. КирТАГ – Борбордук Азияда ВИЧ-инвекциясына кабылгандардын саны 2010-жылдан бери 30% көбөйдү, деп билдирет БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриш өзүнүн докладына. Бул туурасында КазТАГ аталган уюмдун пресс-кызматына шилтеме менен билдирди.
«Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда мисалы, ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандардын саны 2010-жылдан бери 30% өскөн. Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада СПИДке байланыштуу өлүмдөрдүн саны 2010-жылдан бери 11 пайызга жогорулаган. СПИДди түп тамырынан бери жок кылууга бир жыныстуу мамилелердин кылмышка тартылганы, инъекциялык баңги колдонуу жана секс кызматы тоскоолдук кылууда», - деп жазылат Гутерриштин баяндамасында.
БУУнун башкатчысынын маалыматы боюнча дүйнөнүн 68 өлкөсүндө бир жыныстуу сексуалдык мамилелерге кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзам жана эрежелер бар.