КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:55 | 19 чын куран

«Бизде 26-чы премьер-министр шайланып жатат. Бийликке келүүдө сандан сапатка өтүү убактысы келди» - элдин оюу

Дата: 14:48, 27-03-2014.

Белгилүү болгондой, «Ар-Намыс» фракциясы башбакандын крелосуна фракция лидери Феликс Куловду сунуштаса, «Республика» фракциясы Өмүрбек Бабановду, ошондой эле «Ата-Мекен» Жоомарт Оторбаевдин атын атап жатат.

КирТАГ маалымат агенттиги кезекетеги өкмөт башчылыкка талапкер тууралуу элдин ою менен кызыгып көрдү. Басабелгилей кетчү нерсе, респонденттердин көпчүлүгү, өлкөдөгү азыркы абалда өкмөттүн бат-бат алмашып жатканын туура эмес деп эсептейт.

- Изат Мамыров, консалтинг компанияснын менеджери:

Биздин бийликтегилердин позициясы мени таң калтырат. Сатыбалдиев эмнеге кетти, анын ордуна башка премьер келет. Ал мурункудан да жаман болуп чыгат. Абал жакшы жакка өзгөрбөйт, тескерисинче кыйындайт. Мен бул жол менен өнүкпөй эле артка кетип жатабыз деп эсептейм. Эгер жаңы премьер келсе, ал өз чөнтөгү үчүн иштейт, жакын туугандарынын камын ойлойт. Биз дагы эле тууганчылык, жердешчилик деген адаттан кутулалбай жатабыз. Кыргызстан премьерди алмаштыруу боюнча рекорд койду. Биздин саясатчыларга сандан сапатка өтүү мезгили келди. Буга чейин иштеп кеткен талапкерлерден Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгүн баалайм. Анын бир канча жакшы долбооорлору бар болчу.

-Асель Касымова, чет өлкөдөгү жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүсү:

Мен окууга кетип жатканда, окууну бүтүп кайтканымча мекенимде стабилдүүлүк орноп калаар деген үмүт менен чет өлкөгө кеттим эле. Бирок мына арадан беш жыл өттү, өлкөдө дагы деле папка бөлүшмөй, бат-бат бийлик алмашуу, саясий оюндар уланып жатат. Мындан эл чарчады, биз тынч өнүккөн өлкөдө жашагыбыз келет. Биздин бийликте мурдагы эле чиновниктер иштеп келатат. Кулов, Оторбаев жана башкалар өзүлөрүнүн талапкерлигин дагы деле сунуштап жатат. Ал өз убагында керектүүсүн жыйнап алган, алардын убактысы бүттү. Жаңы прогресивдүү саясий көз караштагы жаштардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүсү керек. 26-чы премьерди шайлоо бул абсурд деп эсептейм, бизге бүткүл дүйнө күлмөй болду.

Кенешбек Алымбеков, Кыргызско-экономический университетинин проректору:

- Эл жазгы тала иштерине камынып, туристтик сезонго даярдык көрүп жаткан учурда «Ата-Мекен» мындай аракетке барышын орунсуз деп эсептейм. Өкмөттү алмаштыруу бизде адаттагыдай эле көрүнүш болуп калды, министрлер кабинетинин кайсы курамы болбосун баары элдин ишениминен чыккан. Менин оюмча алар өзүлөрүн өзүлөрү м сазга батырып жатат. Премьерлик постко сунушталып жаткан талапкерлердин ичинен Жоомарт Оторбаевди татыктуу деп эсептейм. Ал көп убакыттан бери өкмөттө иштеп келе жатат, бул тармакта тажрыйбасы да жетиштүү. Феликса Кулова жана Өмүрбек Бабанов премьерликке келсе, фракциялар арасында пикир келишпестиктер жаралып,к айра эле өлкөдө саясий туруксуздук жаралат.

Анарбек Султанов, юрист:
- Сунушталган талапкерлердин ичинен эки саясий фигура  Жоомар Оторбаев жана Өмүрбек Бабановдор башкаларга караганда премьерлик постко татыктуу деп ойлойм. Анткени алардын экөө тең ишкер, өндүрүүчү. Ал эми Феликс Кулов болсо, мурун самолет сатуу жана бир канча ызы-чууларга катыштыгы бар. Чындап эле ал учакты сатып чөнтөгүнө салып алганбы азыркыга чейин белгисиз. Эгер бул ишке бир чекит коюлганда калк кимдин кандай экенин түшүнүп жетет эле. Андан кийин ал министрлер кабинетине келип, өзүнү татыктуу премьер катары көрсөтсө болмок.

Поделиться новостью: