КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:12 | 25 чын куран

Бишкектин эки жаңы конушу борбордук канализацияга кошулууда

Дата: 10:33, 06-08-2019.

Бишкек. 6 - август. КирТАГ  –  Бишкектин эки жаңы конушуна канализация жеткирилип жатканын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Ак-Тилек конушунда суу түтүктөрүн орнотуу иштери башталды. Анын  натыйжасында Дзержинский, Аул, Элебесов, Февраль, Коллекторный, Жерге-Тал жана Кожевенный көчөлөрү борборук канализацияга кошулат

Билдирүүгө ылайык, Ак-Тилек конушунда суу түтүктөрүн орнотуу иштери башталды. Анын  натыйжасында Дзержинский, Аул, Элебесов, Февраль, Коллекторный, Жерге-Тал жана Кожевенный көчөлөрү борборук канализацияга кошулат. Мында 3,2 чакырым жерге түтүк орнотулмакчы.

Калаанын түштүк тарабындагы Ак-Босого конушуна дагы канализация киргизилет. Анда Исанов, Боталиев, Можайск, Көкчетав көчөлөрү жана Тоголок Молдо, Манас, Васильев, Саадаев тар көчөлөрүндө жашаган тургундар үчүн суу түтүктөрү жеткирилет. Ошондой эле №18 орто мектеп жана №41 бала бакча да борбордук канализацияга кошулат. Ал үчүн алты чакырымдык жерге түтүк жаткырылары айтылды.

Поделиться новостью: