КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 5:39 | 29 жалган куран

Бишкектин чет жакасындагы жерлер ижарага берилбейт! Мэрия эки жылга мораторий киргизди

Дата: 16:26, 28-12-2018.

Бишкек. 28 - декабрь. КирТАГ – Бишкектин чет жакасынан жер тилкеси ижарага берилбейт. Мэрия эки жылга чейин мораторий киргизди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык кеңеш жер тилкелерин ижара берүүгө эки жылга чейин мораторий киргизүү боюнча мыйзам киргизген.

Ошондой эле Бишкек шаардык кеңеши жеке жактарга аукцион боюнча берилип кеткен жер тилкелери боюнча жаңы мыйзам даярдап жатат. Эгер ал мыйзам иштеп баштаса ижарага берилген жерге объект салынган болсо да түздөн түз  сатылат.

Калаа жетекчлиги жерди ижарага алгандыгы тууралуу уруксат кагазын да жокко чыгарды. Уруксат кагаз объект курулуп калган жерлерге жана Мамэкотехинспекциюга эксплуатацияга тапшырылганда гана берилет. Ошондой эле муниципалиттен карызы болбогон имараттын ээлери жана демонтаж жүргүүзүнү каалгандарга да уруксат кагазы алса болот.


Поделиться новостью: