Бишкектин бир катар көчөлөрү дезинфекция үчүн жабылат
Бишкек. 2 - апрель. КирТАГ – Бишкектин карантинга алынган аймагында дезинфекция иштери кеңейтилет.
Бишкек комендатурасынын маалыматына караганда, 2-апрелден тарта калаада дезинфекция иштери кеңейтилет.
«Дезинфикациялоо үчүн Жукеева-Пудовкинден Ахунбаев, Бакаев көчөсүнө чейин, Суеркулов-Жукеев-Пудовкинден Магистралга чейин, Байтик баатырдан Масалиев көчөсүнө чейин, Малдыбаевдан Масалиев көчөсүнө чейин, Тынчтык проспектинин бир бөлүгү, Ахунбаевадан Бакаев көчөсүнө чейине жабылат», - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 116 кишиге жетти.