Бишкектин айрым райондорунда 4 күн бою жаратылыш газы берилбейт
Дата: 16:44, 14-06-2019.
Бишкек. 14 - июнь. КирТАГ – Бишкектин айрым райондорунда 4 күн бою жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, газ берүү 17-июндан 21-июнга чейин чектелет.
Лев Толстой, Киров, БЧК жана Ала-Арча суусу менен чектеш аймактарда ондоо иштери жүргүзүлөт.