КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:49 | 20 чын куран

Бишкекте жол кырсыгынан төрт киши мерт кетти

Дата: 16:40, 09-09-2019.

Бишкек. 9 - сентябрь. КирТАГ – Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 15:00дөр чамасында Skoda Octavia үлгүсүндөгү автоунаа түндүк тарапты көздөй бара жатып №8 автобус менен кагышкан. Ага ылайык, жол кырсыгы болгондон кийин автобус жол четиндеги бакты барып сүзгөн.

Кырсык болгон жерден Skoda Octavia үлгүсүндөгү автоунаадагы төрт бала каза болуп, бир кыз оор абалда ооруканага жеткирилген.

Андан сырткары, автобустун айдоочусу менен жүргүнчүлөр да жабыркаган.

Учурда кырсык болгон жерде ыкчам-иликтөө тобу иштеп жатат.

Поделиться новостью: