КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:49 | 25 чын куран

Бишкекте ЖККУнун коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт

Дата: 15:03, 26-04-2019.

Бишкек. 26-апрель. КирТАГ – Бишкекте 30-апрелде Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчисинин төрагалыгы алдында   ЖККУ коргоо министрликтеринин кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында ЖККУнун катчылыгы билдирет.  

Жыйын чакан жана кеңири курамда өтөт. Коргоо министрликтеринин башчылары жамааттык коопсуздуктун  Борборазиялык аймагындагы чакырыктар жана аскердик коопсуздукту, тажик-ооган чек арасындагы буюккан кырдаалды басаңдатуу маселелери каралат.

Ошондой эле аскерлерди материалдык-техникалык камсыздоо боюнча ЖККУнун жумушчу тобун түзүү чечими кабыл алынаары айтылууда.

Баардыгы болуп кеңешмеге 15 маселе коюлган.

Поделиться новостью: