КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 1:50 | 24 чын куран

Бишкекте президенттин катышуусу менен донордук конференция өтөт

Дата: 16:33, 18-11-2019.

Бишкек. 18 - ноябрь. КирТАГ – 2019-жылдын 19-ноябрында Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук конференциясы өтөт. Анын ишине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Форумдун максаты өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өлкөнүн милдеттери, реформалар, жетишкендиктер жана артыкчылыктары боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу болуп саналат.

Данияр Иманалиев форумду өткөрүү 2018-жылдын 1-ноябрында Президент Сооронбай Жээнбековдун донорлор менен жолугушуусунда макулдашылганын белгиледи.

«Конференцияга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулоого катыша турган 25 эл аралык уюмдардан жана 10 өлкөдөн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр чакырылган», — деп баса белгиледи ал.

Региондорду өнүктүрүү, инвестициялык климат, адам капиталын өнүктүрүү, суу ресурстарын комплекстүү башкаруу, климат жана өзгөчө кырдаалдар маселелери сыяктуу темалар аныкталганын белгиледи.

«Ошондой эле донорлор менен биргелешип жасалган иштердин жыйынтыгы талкууланат. Бул багытта бир катар инфраструктуралык долбоорлорду макулдашуу жана ратификациялоо процедуралары жүргүзүлдү, бул биринчи кезекте суу менен камсыз кылуу тармагына байланыштуу. Мындан сырткары, Евразия өнүктүрүү банкынан кошумча 200 млн АКШ долларын тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан региондорду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду даярдоо иши башталды, алгач 60 млн АКШ долларга Ош облусунда ишке ашырылат, ал эки ластерге — агроөнөр жай комплексин жана региондун туруктуу туризмин өнүктүрүүгө багытталат», — деп баса белгиледи Данияр Иманалиев.

Бул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу Дүйнөлүк банк тарабынан улантыларын кошумчалады. Ошондой эле Digital Casa долбоорун ишке ашыруу башталарын маалымдады.

Ал конференцияда өз ара кызматташуу маселеси эки багыт боюнча талкууланаарын баса белгиледи: техникалык жардам көрсөтүү жана өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу.

Мындан тышкары, Данияр Иманалиев Кыргызстанда жаңы багыттагы кызматташтык боюнча глобалдык экологиялык фонддор менен климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүү маселелери боюнча кызматташуу куралдары активдешкенин белгиледи.

КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы эгемендүүлүк алгандан бери өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр экономика, транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, ирригация, саламаттыкты сактоо, билим берүү, өзгөчө кырдаалдар маселелери, экология жана айлана-чөйрө тармактарын өнүктүрүүгө 10,5 млрд АКШ доллар өлчөмүндө каражат бөлгөнүн эске салды.

Данияр Иманалиев аталган конференциянын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынып, анын алкагында өлкөдө долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер аныкталарын баса белгиледи.

Поделиться новостью: