КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:28 | 28 жалган куран

Бишкекте Кыргызстандын самбо чемпионун өлтүрүп кетти, шектүү кармалды

Дата: 10:29, 07-09-2018.

Бишкек. 7 - сентябрь. КирТАГ- Альбина Метерова. Бишкекте республика боюнча самбо чемпиону Бекзат Жаныбековду өлтүрүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын маалымат кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, спортчу Бишкектин Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде бычак жеп  өлгөн.  

«Окуя болгон жерде мушташ чыкканын аныкталган. Жыйынтыгында бирөөсү бычактан жаракат алган»,- деп маалымдайт шаардык милиция.

Бычакталган спортчу убагында ооруканага жеткирилгени менен дарыгерлер анын өмүрүн сактап калалган эмес.

Маркум 1990-жылы туулган. Жалал-Абад облусунун тургуну.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармалды. Өлүмгө шектүү да Жалал-Абад облусунун тургуну болгон. Мурда соттолгон. Учурда Бишкек шаарынын СИЗОсуна камалды.

Тергөө жүрүп жатат.

Поделиться новостью: