КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:35 | 25 чын куран

Бишкекте «Коопсуз кичирайон» долбоору ишке кирди

Дата: 17:19, 23-04-2019.

Бишкек. 23 – апрель.  КирТАГ – Бишкек шаарынын №6 кичирайонунда «Коопсуз кичирайон» долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы кабарлады.

Долбоордун бет ачары 23-апрелде шаардык ички иштер башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүндө өттү.

Бөлүмдүн башчысы Уланбек Султанов анда билдиргендей, аталган кичирайондун аймагындагы көчөлөргө 72 камера орнотулду. Жабдуулар криминогендик жагдайларды, адамдар чогулган жерлерди эске алуу менен бөлүштүрүлдү.

Долбоор кылмыштарга бөгөт коюу максатын көздөйт. Тасмалар 30 күнгө чейин сакталып турат.

Октябрь районунун акими Максим Ситников долбоордун ачылышында кабарлагандай, камераларды орнотууга шаар бюджетинен 1,5 миллион сом бөлүнгөн. Ал «Коопсуз кичирайон» долбоору башкалаанын №11, №12, «Асанбай» жана башка райондоруна да жайылтуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.

Поделиться новостью: