Бишкекте күн жылып, жамгыр жаайт
Дата: 14:00, 19-11-2018.
Бишкек. 19 - ноябрь. КирТАГ – Шейшембиге оогон түнү Кыргызстанда күн ачык болот, күндүз жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.
Маалыматка караганда, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облусунда күндүз +8, Нарында болсо +6 градуска чейин күн жылыйт.
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында болсо +11, Бишкекте күндүз жаан жаап +6 градус жылуу болот.