КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:14 | 25 чын куран

Бишкекте ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны ачылды

Дата: 16:59, 03-10-2018.

Бишкек. 3 - октябрь. КирТАГ – Бүгүн, 3-октябрь күнү Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Борбор Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздугу талкуулана турган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйыны ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, ЕККУ ПАнын Төрагасы Георгий Церетели катышууда. Эл аралык иш-чарага Европа, Азия, Америка континенттериндеги 46 мамлекеттен 150дөн ашуун парламентчи тартылды.

Эртеӊ, 4-октябрь күнү “Дамас” мейманканасында “Борбор Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогду колдоо” темасында парламенттик конференция өтөт. Конференциянын жүрүшүндө “Ишенимди бекемдөө жана аймактык кызматташтык аркылуу чек ара аймактарындагы жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү”, “Жер ортолук деңиз форуму: Борбор Азия жана Жер ортолук деңиздеги геосаясат: миграция, соода жана айлана-чөйрө маселелерин чечүү” аталышындагы эки сессиялык отурум болот.

Ал эми 5-октябрда “Борбор Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогун колдоо” темасында конференция өтөөрү күтүлүүдө. Анын алкагында “Коопсуздук бирикмелерин түзүүгө жарандарды тартуу ишин кеңейтүү” аталышындагы сессия болот.

Андан тышкары, иш-чаралардын акыркы күнү келген меймандар кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсүнө катышмакчы.

ЕККУ ПА парламенттик байланыштар үчүн маанилүү аянт катары кызмат кылат. Анын алкагында шайлоолорго байкоо салуу менен саясат, коопсуздук, экономика, айлана-чөйрө, адам укугу тармактарындагы милдеттемелердин аткарылышы боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдейт.

Поделиться новостью: