Бишкекте үч түрдүү таштанды үчүн челектер орнотулду

Дата: 17:30, 02-07-2019.

Бишкек. 2 - июль. КирТАГ  –  Бишкек мэриясы таштандынын түрүнө жараша урналарды орното баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Идея менен эскиздик долбоор Биринчи Май райондук акимиатына таандык. Ал эми урналар "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан жасалган.

Биринчи этапта 10 урна даярдалып, алтоо Курманжан датканын эстелигинин аймагына орнотулган. Калгандары жакынкы күндөрү Уркуя Салиеванын скверине жана Чүй менен Манас проспектисинин кесилишиндеги жаңы аянтчага коюлат.

Мэрия келечекте калган урналардын бардыгын жаңыга алмаштырууну пландоодо.

Поделиться новостью: