КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:04 | 29 жалган куран

Бишкекте Ботаникалык бакты сактап калуу үчүн каражат топтолууда

Дата: 16:25, 22-07-2019.

Бишкек. 22 - июль. КирТАГ –  Бишкекте Ботаникалык бакты сактап калуу үчүн каражат топтолууда.   Мындай демилге менен “Арча демилгеси” коомдук фонду чыкты. Аталган фонддун аткаруучу директору Дмитрий Ветошкиндин айтымында, жайдын аптабында бакчадагы бак-дарактар сугарылбай, куурап жатат.

Бакчадагы ирригациялык система эскиргендиктен керектүү көлөмдөгү суу келбей калган. Буга байланыштуу Ботаникалык бакты сактап калууну каалаган активисттер каалоочулардан каражат топтоп, ирригациялык системаны оңдоону көздөп жатышат. Ал үчүн 6 миң долларга жакын каражат зарыл.

Дмитрий Ветошкин мындай арга маселени убактылуу гана чечерин айтып, өкмөт менен бирге көйгөйдү комплекстүү чечүүнүн үстүнөн иштеш керектигин билдирди.

Ботаникалык бак 1938-жылы түзүлгөн. Ичиндеги өсүмдүктүн көп түрдүүлүгү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунду ээлейт жана эл аралык Ботаникалык бакчалар ассоциациясынын мүчөсү. Ушул тапта бакчанын аянты 124 гектарды түзөт. Шаар тургундарына анын 36 гектар жеринде сейилдөөгө уруксат берилген.

Акыркы жылдары бакчада кайра-кайра өрт чыгып, бак-дарактар куурап жатканын активисттер айтып келишет.

Поделиться новостью: