КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:17 | 29 жалган куран

Бишкекте балдарга карата катаал мамиле жана зомбулуктун алдын алуу маселеси талкуулады

Дата: 16:11, 15-01-2019.

Бишкек. 15 - январь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу маселеси боюнча эл аралык жана коомдук уюм өкүлдөрү менен жолугушту.

«Бүгүнкү жолугушуу жалпыбыз үчүн маанилүү болуп саналат, анткени, биз биргеликте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдарга байланыштуу абалды жакшыртууга багытталган ишин өркүндөтүүнү каалайбыз. Биз үчүн балдарды коргоо боюнча иште тажрыйба топтогон ар бириңиздердин үнүңүздөр жана оңдуу тажрыйбаңыздар маанилүү», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, 2019-2020-жылдарга Балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар планынын талкууга алынып жаткан долбоорун февраль айына чейин иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле аны жер-жерлерде ишке ашырууну баштоо пландаштырылууда.

«Бүгүнкү күндө балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча райондук штабдардын иши жаңыртылды, кыйын жашоо кырдаалында калган балдарды ачыктоо максатында үймө-үй кыдыруу жүргүзүлүүдө. Үймө-үй кыдыруу ата-энесиз тарбияланып жаткан балдардын маалымат базасын түзүүгө, мындай үй-бүлөлөргө өз учурунда көмөк көрсөтүүгө, үй-бүлө мүчөлөрү менен балдардын, анын ичинде асырап алган балдардын өмүрү жана ден-соолугу үчүн жоопкерчилиги, зомбулуксуз тарбия берүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө шарт түзөт.

Бүгүнкү күндө Өкмөттүн күч-аракети жашоонун кыйын кырдаалында калган балдар боюнча маалыматтык-аналитикалык тутумду түзүүгө, баланын жана анын үй-бүлөсүнүн кыйынчылыктарды жеңүү көйгөйүн чечүүгө карай натыйжалуу бирдиктүү кадамды иштеп чыгууга багытталган», - деп маалымдады Алтынай Өмүрбекова.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү 2019-2020-жылдарга карата Балдарга катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун талкуулоо жана толуктап иштеп чыгуу үчүн сунуштады.

Документтеги башкы пункттардын бири – балдарга орой мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча жалпы улуттук маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын өткөрүү болуп саналат. Мындан тышкары, жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдү жана балдарды эрте аныктоо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу иштерин уюштуруу каралган. Анын ичинде балдарга орой мамиле кылуу жана зомбулук көрсөтүү боюнча ар бир ачыкталган учурду тыкыр иликтөө жүргүзүү, жашоо шарты оор балалуу үй-бүлөлөрдү аныктоо багытында социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер органдарынын ортосунда ыкчам маалымат алмашуу жана башка бир катар иш-чаралар тууралуу кеп болууда.

Вице-премьер-министр мамлекет жана коомдун өз ара тыгыз байланышы аркылуу үй-бүлө жана балалыкты ишенимдүү жана кепилденген түрдө коргоого мүмкүндүгүнө өзгөчө көңүл бурдурду. Ал белгилегендей, калкты балдардын коопсуздугун камсыздоо чаралары тууралуу маалымдоо өзгөчө маанилүү.

Өз кезегинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү белгилешкендей, бул пландын долбоору кыйла конкреттүү жана максаттуу болуп саналат. Анткен менен министрликтердин жана ведомстволордун биргелешкен жана багыттуу иши зарыл натыйжага жетишүүнү өбөлгөлөйт, ошону менен бирге тиешелүү адистердин иши үчүн бардык шарттарды түзүү кажет.

Муну менен бирге жолугушуунун катышуучулары үй-бүлөлөрдү колдоо жана балдарды коргоо, балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу тармагындагы мамлекеттик саясатты талкуулоого активдүү катышууга даярдыктарын билдиришти.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жарандык коомго көрсөткөн жардамы, 2019-2020-жылдарга карата балдарга катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча иш-чараларды даярдоо жана ишке ашыруу багытында айтылган сунуштары жана идеялары үчүн ыраазычылык билдирди.


Поделиться новостью: