КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:12 | 19 чын куран

Бишкекте балаты базары ачылды

Дата: 17:10, 11-12-2018.

Бишкек. 11 - декабрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Бишкекте  балаты базары ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектин Медеров жана 7-апрель көчөсүнүн кесилишинде балаты базары ачылат. Жарандар каалаган арчаларын сатып алса болот.

«Арчалардын тамыры бекемделип, суук урбайтурган абалда сакталыпт турат. Сатып алгандан кийин башка жерге отургузса болот. Сатуучулар арчаны туура отургузуунун жолдорун түшүндүрүп берет», - деп кошумчалайт мэрия.

Мындан тышкары, 21-23 –декабрда Курманжан датка эстелигинин алдында жаңы жылдык жарманке уюштурулат.


Поделиться новостью: