Бишкекте алгачкы жолу климаттык фестиваль өтөт
Бишкек. 18 - сентябрь. КирТАГ – Бишкекте 20-сентябрда Гареев атындагы Ботаникалык паркта климаттык фестиваль өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
«Жашоо үчүн климат» аттуу долбоордун алкагында Бишкекке 1960-жылдан бери абанын температурасын аныктоочу 4 термометр орнотулган. Акыркы жылдары Кыргызстанда абанын температурасы 4 градустан 6 градуска чейин көтөрүлгөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө, жаш художниктер жана сүрөтчүлөр атайын көргөзмө уюштуруп экология тармагындагы адистер маалыматтары менен бөлүшөт.
Эске салсак, дүйнөдө 20-27-сентябрда климаттык өзгөрүүлөр боюнча жумалык өтөт.