Бишкекте ак илбирсти коргоо декадасы башталат
Бишкек. 22 - октябрь. КирТАГ – Жыл сайын 23-октябрда дүйнөнүн 12 өлкөсү ак илбирсти коргоо күнүн белгилейт. Бишкекте ди БУУнун колдоосу менен 22-30 –октябрда ак илбирсти коргоо жумалыгы өтөт.
Жумалыктын алкагында, ак илбирсти коргоо, аларды сактоонун маселелерин чагылдырган фото жарманке жана инсталляциялар өткөрүлөт.
Мындан тышкары, декаданын алкагында Токтогул жана Тогуз-Торо районунун токой чарбасынын кызматкерлери менен БУУ кызматкерлери жергиликтүү эл менен жолугушуп, ак илбирсти сактоо тууралуу видеороликтерди жана театрлаштырылган оюндарды көрсөтөт.