КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:37 | 29 жалган куран

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча алдын ала угуулар жыйынтыкталды

Дата: 14:49, 25-03-2019.

Бишкек. 25 март. КирТАГ –  Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча алдын ала угуулар жыйынтыкталды. Бул тууралуу мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, жакында Свердлов райондук соту ишти иш жүзүндө кароого киришет.

“Кароо эмки жумада өткөрүлүшү ыктымал, анткени Свердлов райондук сотуна иш түшө элек. Мыйзам боюнча тараптар беш күн мурун иш кайсыл жерде, кайсы күнү жана канчада каралаары тууралуу маалымдалышы керек”, - дейт Токтакунов.

Эске сала кетсек, “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамелкетке 5 млрд. 439 млн.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Ошого байланыштуу, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министр Ольга Лавровалар ээлеген кызматын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупцияга шектелип, айып тагылган.

Поделиться новостью: