Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү 1,5 айга жабылат

Дата: 16:54, 05-07-2019.

5 - июль. КирТАГ  –  Эртең, 6-июлда Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Мындай чектөөлөр жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштерине байланыштуу, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Аталган көчөнүн Турусбеков менен Шевченко көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде магистралдык жылуулук түйүндөрү калыбына келтирилет. Ошондой эле Токтогул менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде унаалардын кыймылына тоскоолдук жаралат.

Ал эми жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери 1,5 айга созулуп, 25-августта жыйынтыкталат.

Поделиться новостью: